SerepTV Logo

Бишкекте 9 жаштагы бала 3 инисин өрттөн куткарып калган. Ал "Ардак грамота" менен сыйланды (видео)

Бишкекте 9 жаштагы бала 3 инисин өрттөн куткарып калган. Ал "Ардак грамота" менен сыйланды (видео)

Бишкекте 9 жаштагы бала өз инилерин өрттөн куткарып калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 1-октябрда ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын атынан, ошондой эле Биринчи Май районунун аскер бөлүгүнүн жеке курамынын атынан №49 орто мектебинин 3-классынын окуучусу 2012-жылы туулган Нурмухамед Жумабеков "Ардак грамотасы" менен сыйланды. "Ал 24-сентябрда күйүп жаткан үйдөн адамдардын өмүрүн сактап калууда эрдик көрсөткөн. Нурмухамед күйүп жаткан үйдөн 2014, 2016 жана 2018-жылы туулган инилерин алып чыгып, өмүрүн сактап калды", - деп айтылат маалыматта.

Ушул жылдын 24-сентябрында саат 13:44 чамасында Биринчи Май районунун Месароша көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, өрттүн кесепетинен 90 чарчы метр аянт күйгөнү маалымдалган.  Жеринде №6 өрткө каршы бөлүмүнөн бир өрт өчүрүүчү бөлүмү иш алып барган.