SerepTV Logo

Бишкекте 72 жаштагы кишинин жансыз денеси өз үйүндө табылды

Бишкекте 72 жаштагы кишинин жансыз денеси өз үйүндө табылды

Куткаруучулар Гоголь көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн батирлердин биринин бекилип калган эшигин ачышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, батирдин ичинен 1949-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Эшик ачууга Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.