SerepTV Logo

Бишкекте 7-кабаттын терезесинен кулаган жаран жан берди

Бишкекте 7-кабаттын терезесинен кулаган жаран жан берди
Бишкекте көп кабаттуу үйдөн кулап кеткен жаран көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Октябрь районунда көп кабаттуу үйдүн 7-кабатынын подъездинин терезесинен болжол менен 25-30 жаштагы эркек киши 1-кабаттын чатырына кулап түшүп каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Окуя катталган жерге куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.