SerepTV Logo

Бишкекте 63 жаштагы аял мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Шектүү кармалды

Бишкекте 63 жаштагы аял мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Шектүү кармалды
Милициянын кайгуул кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган кызматтан билдиришти. Маалыматка караганда, 14-май саат 10:52 чамасында Бишкек ШИИБдин "102" кызматына Урицкий көчөсүнүн үйлөрүнүн биринде аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1959-жылы туулган аял киши мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталган. Кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1964-жылы туулган жаранды кармашып, Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп беришти. Бул факты Биринчи Май РИИБ тарабынан катталып, Кылмыш жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.