Бишкекте 61 жаштагы аялдын жансыз денеси өз үйүндө табылды
Бишкекте 61 жаштагы аялдын жансыз денеси өз үйүндө табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, куткаруучулар 6-кичи районунда жайгашкан №7 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинен 1960-жылы туулган аял кишинин жансыз денесин табышкан. Жансыз денени ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 5 куткаруучу тартылган.