SerepTV Logo

Бишкекте 6-кабаттан кулап кеткен наристенин абалы оор

Бишкекте 6-кабаттан кулап кеткен наристенин абалы оор
Бишкекте көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынын терезесинен кулап кеткен  наристенин абалы оор. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Кырсык кечээ, 25-мартта Чүй проспектисиндеги үйлөрдүн биринде болгон. 2019-жылы төрөлгөн наристе №3 шаардык балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бөбөктүн мээси чайкалып, баш сөөгүнөн жабык жаракат алган.
Unknown Author