SerepTV Logo

Бишкекте 6 жаштагы баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды (видео)

Бишкекте 6 жаштагы баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды (видео)
Милиция кызматкерлери тарабынан айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. 7-апрель күнү саат 17:25 чамасында Бишкек шаарынын Псков менен Матыев көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу жүргүнчүнү сүзүп, белгисиз тарапка кетип калган. Натыйжада алты жаштагы бала шаардык Nº3 ооруканага жаткырылган. Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы 1988-жылы туулган айдоочуну кармап, тергөө бөлүмүнө өткөрүп берди.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от УПСМ г.Бишкек (@upsm_kg)