SerepTV Logo

Бишкекте 55 жаштагы аял киши колдуу болгон. Кылмышка шектүү жигит изделип жатат

Бишкекте 55 жаштагы аял киши колдуу болгон. Кылмышка шектүү жигит изделип жатат
Бишкекте аял өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бирөөсү изделип жатат. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. 1-апрелде Горький менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде денесинде жараттары менен аял кишинин жансыз денеси табылган. Ал жерге милиция барып, маркумдун 1967-жылы туулган аял киши экенин, анын киши колдуу болгонун аныктаган. Кылмышка шектелип кармалган 1968-жылы туулган жаран учурда СИЗО-1де камакта, ал эми милиция дагы бир шектүү - 1995-жылы туулган Жаныбеков Даниил Жаныбековичти издеп жатат. Эгерде сүрөттөгү жаранды көрүп-билгендер болсо, 0(700)-45-60-07, 0(703)- 93-20-92 жана "102" кызматына кайрылсаңыздар болот.