Бишкекте 49 жаштагы аял муунтуп өлтүрүлдү. Кылмышка 30 жаштагы жаран шектелүүдө (видео)
Бүгүн, 6-сентябрда Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 3-сентябрда саат 09:10 чамасында Бишкек ШИИБдин "102" кызматына Көк-Жар жаңы конушунда белгисиз 40-45 жаш чамаларындагы аялдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Кароо учурунда анын киши колдуу болгону аныкталган. Окуя болгон жерге Октябрь РИИБдин кызматкерлери барышкан. Маркумдун аты-жөнү такталып, анын 1972-жылы туулган аял киши экендиги маалым болгон. Бул факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип 1991-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Сурак берүү учурунда ал мас абалында экөөнүн ортосунда чыккан кайым айтышуудан улам аял кишини муунтканын айтып берген. Анын кесепетинен ал каза болгон. Учурда тергөө иштери уланып жатат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram