SerepTV Logo

Бишкекте 44 жаштагы кишини телефон үчүн башына таш менен уруп кетишкен

Бишкекте 44 жаштагы кишини телефон үчүн башына таш менен уруп кетишкен
Милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. 16-июлда Милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда, болжол менен саат 02:55 чамасында 1978-жылы туулган жаран жардам сурап кайрылган. Анда Жаш Гвардия гүлбагы менен Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз жаран башына таш менен каттуу уруп, Редми- А5 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алган. Жарандын кайрылуусу боюнча кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган жаранды кармашып, Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.