SerepTV Logo

Бишкекте 4-кабаттан кулап кеткен аял киши куткарылды

Бишкекте 4-кабаттан кулап кеткен аял киши куткарылды
Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан үйдүн 4-кабатындагы батиринин балконунан 1-кабатта орнотулган чатырына аял киши кулап түштү. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты. Ал жерге  5 куткаруучу тартылып, аялды чатырдан түшүрүп, Тез жардам кызматына өткөрүп беришти. Абалы канааттандырарлык, колунан жаракат алган.