Бишкекте түнкү клубдун диджейин атып кетишти
Бишкекте клубдун диджейин атып кетишти. Бул туууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 25-февралда болгон. Чыгыш-5 кичи районундагы үйлөрдүн биринен эркек кишини атып кетишкен. Ал жүрөк тушка тийген эки октун кесепетинен каза болгон.
Алдын-ала айтылган маалыматтарга караганда ал "Бензин-312" түнкү клубунда диджей болуп иштечү.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр изделип жатат.