SerepTV Logo

Бишкекте 3 унаанын катышуусунда жол кырсык катталып, 5 адам жабыркады

Бишкекте 3 унаанын катышуусунда жол кырсык катталып, 5 адам жабыркады
Бишкекте 3 унаанын катышуусунда жол кырсык катталып, 5 адам жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, кырсык саат 16:20 чамасында Ахунбаев көчөсүндө катталган. Анда КамАЗ, Хонда Фит жана 106-маршруттук такси сүзүшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча 5 жаран жабыркагандыгы айтылды. Азыркы учурда жол кырсыгы катталган жерде Милициянын кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.