SerepTV Logo

Бишкекте 3 унаа сүзүштү. Жабыркагандар бар (видео)

Бишкекте 3 унаа сүзүштү. Жабыркагандар бар (видео)
Бүгүн, 10-декабрда саат 9:10 чамасында Аалы Токомбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 3 унаа - Лексус, БМВ жана Эстима үлгүлөрүндөгү унаалар сүзүшкөн. "Жабыр тарткандар бар. Азыркы учурда жол кырсыгы катталган жерде Милициянын кайгуул кызматкерлери иш алып барууда", - деп айтылат маалыматта. Ал эми соцтармак колдонуучулары жол кырсыктын видеосун жарыялашты.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Штраф KG??? (@shtraf__kg)