SerepTV Logo

3-класстын окуучусу Бишкектеги аквапарктардын биринде чөгүп каза болду

3-класстын окуучусу Бишкектеги аквапарктардын биринде чөгүп каза болду
Бүгүн, 6-июнь күнү Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болду. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен ырасташты. "Бүгүн саат 11:13тө бала сууга чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. 11:27де "Тез жардам" кызматы барганда бала суунун үстүндө калкып калган. Окуяга байланыштуу реанимациялык иш-чаралардын баары жасалган. Баланын каректери чоңоюп, өпкөсү сууга толгон абалда болгон. Тилекке каршы, кылган аракеттен майнап чыккан эмес. Баланын аты-жөнү такталып, №95-мектептин 3-классынын окуучусу экендиги аныкталды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.