SerepTV Logo

Бишкекте 3 айда жол кырсыгынан 14 адам каза тапты

Бишкекте 3 айда жол кырсыгынан 14 адам каза тапты
Бишкек шаарында 3 айдын ичинде 785 кылмыштар жана жоруктар аныкталды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, милициянын кайгуул кызматында 1-чейректи жыйынтыктоо боюнча кеңешме болуп өттү. Ага аталган башкармалыктын башчысы Алмазбек Исаков жана полктун командири Канат Жумаев жана башка бөлүм башчылары, рота командирлери катышты. Кеңешмеде кайгуул кызматкерлери тарабынан 3 айдын ичинде 785 кылмыштар жана жоруктар аныкталып, райондук милиция бөлүмүнө жеткирилгени белгилүү болду. Алардын ичинен: 1) Адам өлтүрүү - 3; 2) Каракчылык - 4; 3) Тоноо - 22; 4) Уурдоо - 56; 5) Бейбаштык - 329; 6) Зордуктоо -19; 7) Денеге залал келтирүү - 19; 8) Алдамчылык - 19; 9) Баңгизат - 1; 10) Үй-бүлөлүк зомбулук - 249; 11) Башка кылмыш жана жоруктар - 51. "Ал эми катталган жол кырсыктары боюнча Бишкек шаарынын аймагында 3 айдын ичинде 614 жол кырсыгы катталып, 780 жаран жабыркап, 14 жаран каза болгон. Жалпысынан жол кырсыгынан өткөн жылдын 3 айына салыштырмалуу жаракат алгандардын саны 3 адамга, ал эми каза болгондордун саны 11 жаранга азайгандыгы байкалган", - деп жазылат билдирүүдө.
   
Unknown Author