SerepTV Logo

Бишкекте 26 жаштагы кызды зордуктоого шектелип таксист кармалды

Бишкекте 26 жаштагы кызды зордуктоого шектелип таксист кармалды
Милиция кызматкерлери тарабынан зордуктоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 21-февралда саат 22:36 чамасында милициянын "102" кызматына жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 20:30-21:30 чамасында Орок айылында 1999-жылы туулган сиңдиси зордукталганын билдирген. Кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн Бишкек шаарынын аймагында жашаганы жана такси айдап акча тапканы аныкталган. Ал кардарды айтылган жерине жеткирип келе жатып жабырлануучуну зордуктаган. Тергөө уланууда.
edita