SerepTV Logo

Бишкекте 26 жаштагы жигиттин унаасынан баңгизат табылды (видео)

Бишкекте 26 жаштагы жигиттин унаасынан баңгизат табылды (видео)
Бишкекте баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 3-ноябрда Бишкек ШИИБдин “102” кызматына белгисиз адам унаада баңгизатын сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты Биринчи Май РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү 1997-жылы туулган жарандын Honda-Civic үлгүсүндөгү унаасынын ичинен текшерүү учурунда ак кагазга оролгон, жалпы салмагы 140 граммды түзгөн 9 даана кара куурай табылган. Тергөө иштери уланып, бардык керектүү экспертизалар дайындалды.