SerepTV Logo

Бишкекте 23 жаштагы кыз шайлоо бюллетенин сүрөткө тартып алган

Бишкекте 23 жаштагы кыз шайлоо бюллетенин сүрөткө тартып алган
Бишкек шаарынын Октябрь районунда бюллетенди сүрөткө тартып алган шайлоочу аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 11-апрель күнү Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндө жайгашкан №1150 шайлоо тилкесинде шайлоо мыйзамын бузган факт катталган. Жогоруда көрсөтүлгөн дарекке Октябрь РИИБдин документтештирүү тобу барып, төмөнкүлөрдү тактаган. 1998-жылы туулган С.Д. шайлоо тилкесине келип, өзүнүнүн бюллетенин сүрөткө тартып алган. Кыздын сөзү боюнча ал бюллетенди сүрөткө тартууга болбой турганын билбестигин айткан. Ошондой эле бул бюллетенди шайлоого барганын тастыкташ үчүн туугандарына көрсөтүү үчүн сүрөткө тартканын, эч ким аны үгүттөбөгөнүн билдирген. Октябрь РИИБдин документтештирүү тобу тарабынан бул материал боюнча протокол толтурулду. Топтолгон материалдар борбордук шайлоо комиссиясына мындан ары чечим чыгаруү үчүн жөнөтүлгөн.
edita