SerepTV Logo

Бишкекте 22 жаштагы кызды уурдоого шектелген жигит кармалып, камакка алынды

Бишкекте 22 жаштагы кызды уурдоого шектелген жигит кармалып, камакка алынды
Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери тарабынан адам уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИБден билдиришти. 17-апрелде саат 17:10 чамасында Бишкекте тигүү цехинин жанынан кыз кишинин уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге барган милиция уурдалган кыздын 2000-жылы туулгандыгын аныктаган. Уурдады делген жигит анын чала таанышы болуп чыккан. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1996-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.