SerepTV Logo

Бишкекте 22 жаштагы жигитке бычак сайган делген жарандар милицияга өздөрү барышты

Бишкекте 22 жаштагы жигитке бычак сайган делген жарандар милицияга өздөрү барышты
Кечээ, 29-июнда Red Centre соода борборунун жанында жаранга бычак сайылган. Милиция уруштун айынан 2000-жылы туулган жигитке бычак сайылганын аныктаган. Жабырлануучу арыз жазуудан баш тарткан. Бүгүн, 30-июнда Свердлов РИИБден кылмыш жасаган делген жарандар милиция тарабынан аныкталганын, бирок алар РИИБге өзүлөрү барып, көрсөтмө бергенин билдиришти. Териштирүү уланууда. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="122367,122368"]