SerepTV Logo

Бишкекте 21 жаштагы жигит поезддин астында калып, көз жумду

Бишкекте 21 жаштагы жигит поезддин астында калып, көз жумду
Бишкекте темир жолдо кырсык катталды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ИИМден билдиришти.  Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 18-сентябрда саат 10:20 чамасында Бишкек-1-Бишкек-2 станциясынын 3778-чакырымында, башкача айтканда, Жаш Гвардия бульварынын Лев Толстой көчөсү менен кесилишине жакын жерде болгон. Тепловоз Аламүдүн районунун 2000-жылы туулган тургунун сүзүп кеткен. Машинисттин айтымында, ал кайра-кайра коңгуроо каккан, бирок жигит уккан эмес.  "Алдын ала маалыматтар боюнча, анын жанынан зымсыз наушник табылган жана жигит капюшон кийип жүргөн", - деп айтылат ИИМдин маалыматында. Жаш жигит көз жумду.