SerepTV Logo

Бишкекте 20 жаштагы жигит 5-кабаттан кулап көз жумду

Бишкекте 20 жаштагы жигит 5-кабаттан кулап көз жумду
Бишкек шаарындагы Киевский көчөсүндөгү курулуп жаткан үйдүн 5-кабатынан 20 жаштагы жигит кулап көз жумду. Кырсык тууралуу маалымат милицияга 5-майда саат 11:50дө түшкөн. Бул тууралуу Биринчи май РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, жерине Биринчи май РИИБдин тергөө кызматы барган. 2001-жылы туулган жигиттин белгисиз себептерден улам кулап кеткени аныкталган. Окуя болгон жерге Тез жардам кызматы чакырылып, жигитти ооруканага жеткирүү үчүн алып кетишкен. Бирок жигит ооруканага жетпей көз жумган. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 258-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланып жатат.
edita