Бишкекте 2 унаа өрттөнүп кетти
Соңку суткада республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Өрт чыккан облус-шаарлар:
- Бишкек шаарында - 2;
- Чүй облусунда - 2;
- Талас облусунда - 2;
- Жалал-Абад облусунда - 2;
- Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.