SerepTV Logo

Бишкекте 2 милиция кызматкери кыйноо фактысы боюнча кармалды

Бишкекте 2 милиция кызматкери кыйноо фактысы боюнча кармалды
Мыйзамсыз кармоо жана кыйноо фактысы боюнча Биринчи Май РИИБдин 5-шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 18-сентябрда УКМК тарабынан кыргыз жаранын мыйзамсыз кармоо жана кыйноо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 2 кызматкер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Соттук-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгында ага карата кыйноо колдонулган, бул дене жаракатынын издери менен далилденген. Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.