SerepTV Logo

Бишкекте 2 киши милиция кызматкерине таш ыргыткан (видео)

Бишкекте 2 киши милиция кызматкерине таш ыргыткан (видео)
Бишкекте бейбаштык кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. 13-февраль күнү саат 16:45 чамасында Павлова менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде милициянын участкалык тескөөчүсү кызмат өтөп жүрүп жаткан учурда, коомдук тартипти одоно бузуп, спирт ичимдиктерин ичип жаткан 3 адамга эскертүү берген, ага карабастан алардын экөөсү милиция кызматкерине таш ыргытышкан, бул факты боюнча милиция кызматкери рапорт менен кайрылган. Аталган фактынын негизинде Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон. Көрсөтүлгөн фактынын негизинде 1995 жана 1998-жылы туулган шектүүдөр кармалып, Тергөө бөлүмүнө жеткирилген.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от УВД Ленинского района г.Бишкек (@uvdleninsky312)