Бишкекте 2 жаштагы бала дааратканага түшүп кеткен
Бишкек шаарында даараткананын тешигине 2 жаштагы бала түшүп кетти. Окуя Свердлов районунун аймагында 4-майда болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Айтылган дарекке барган 2 куткаруучу баланы сыртка алып чыгып, ата-энесине тапшырышкан. Баланын абалы жакшы, жаракат алган эмес.