SerepTV Logo

Бишкекте жаш кызды сүзүп, из жашырып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте жаш кызды сүзүп, из жашырып кеткен айдоочу кармалды
Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган айдоочуну аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. 7-ноябрда саат 07:30 чамасында айдоочу унаасы менен Ахунбаев көчөсү менен чыгыш тарапка бара жатып, 198-үйдүн тушунан жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен 2002-жылы туулган кыз жабыркап, ооруканага жеткирилген. Бул факты боюнча Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада Мазда Демио үлгүсүндөгү унаасынын 1980-жылы туулган аял айдоочусун аныктап, Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматына жеткиришти.