SerepTV Logo

Бишкекте 18 жаштагы кызды бычактап өлтүргөн делип 43 жаштагы киши шектелүүдө

Бишкекте 18 жаштагы кызды бычактап өлтүргөн делип 43 жаштагы киши шектелүүдө
20-июлда Свердлов РИИБге Бишкектеги Москва көчөсүндө жайгашкан көп кабатуу үйлөрдүн биринде аял киши бычактан жаракат алганы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, жерине кызматкерлер барган. Кызматкерлер батирдин ичинен көкүрөк бөлүгү бычакталган  2003-жылы туулган кызды аныкташкан. Кыз ооруканага жеткирилген. Бирок алган жаракатынан көз жумган. Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 130-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө, көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан секирген 1978-жылы туулган киши кылмышка шектелген. Ал буту сынып ооруканага жеткирилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.