SerepTV Logo

Бишкекте 18 жаштагы айдоочу 16 жаштагы кызды сүзүп кеткен

Бишкекте 18 жаштагы айдоочу 16 жаштагы кызды сүзүп кеткен
Кечээ, 1-февралда 18 жаштагы айдоочу Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаа менен 16 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Окуя Чүй көчөсү менен Калык Акиев көчөсүнүн кесилишинде болгон. Жол кырсыгынын кесепетинен өспүрүм Тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилди. Айдоочу Бишкек ШИИББдин тергөө кызматына жеткирилип, унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган. Азыркы учурда экспертизалар дайындалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.