SerepTV Logo

Бишкекте өспүрүмдү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте өспүрүмдү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды
Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. 4-ноябрда саат 08:30 чамасында айдоочу унаасы менен Чүй жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2004-жылы туулган жаран жабыркап, ооруканага жеткирилген. Бул факты боюнча Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада Kia Sportage үлгүсүндөгү авто унаасынын 1967-жылы туулган айдоочусун аныктап, Бишкек ШИИБдин тергөө кызматына жеткиришти.