SerepTV Logo

Бишкекте 17 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулады

Бишкекте 17 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулады
Кечээ, 24-сентябрда саат 22:30 чамасында милицияга Гоголь менен Огонбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдөн кыз кулаганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Свердлов РИИБден билдиришти. Жерине барган милиция 2006-жылы туулган кыз экенин аныкташып, Тез жардам чакырышкан. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталган. Учурда тергөө жүрүп, экспертизалар дайындалды. Жергиликтүү ЖМКлар кыздын 4-кабаттан кулаганын, ал өз жанын кыйгысы келгенин, ооруканада бели сынган жана мээси чайкалган деген диагноз коюшканын жазышты.