SerepTV Logo

Бишкекте 16 миң доллар акчаны алдап алып, из жашырган аял кармалды

Бишкекте 16 миң доллар акчаны алдап алып, из жашырган аял кармалды
Бишкекте алдамчылыкка шектелип аял  кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирүү таратты. Шектүү 2018-жылдын апрелинен 2019-жылдын февраль айына чейин борбор калаанын жашоочусунан бизнеске акча салам деп 16 миң  долларын алып, из жашырып кеткен. Жабырлануучу былтыркы жылдын ноябрь айында милицияга кайрылган. Кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган жаран кармалып, эки айга СИЗО-1ге камакка алынды. Тергөөдө кармалган жарандын ушул өңдүү дагы бир катар тиешеси бар экендиги аныкталган.
altinay