SerepTV Logo

Бишкекте 16 жаштагы өспүрүмгө тапанча такап, карактоого шектүүлөр кармалды

Бишкекте 16 жаштагы өспүрүмгө тапанча такап, карактоого шектүүлөр кармалды
Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери тарабынан каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу аталган РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 24-октябрда милицияга жаран кайрылып, 3 жаранга чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, ошол эле күнү саат 20:40 чамасында тапанчаны 2007-жылы туулган уулуна такап, анын телефонун тартып алышкан. Кылмышка шектүүлөр Ысык-Көлдөн кармалган. Алардын 2003-жылы туулган 3 жигит экени аныкталып, кармалды. Аларды тинтүү учурунда телефон алынып, ээсине өткөрүлгөн.