SerepTV Logo

Бишкекте 16 батирлүү үйдөн өрт чыгып, 19 адам убактылуу жайга жайгаштырылды

Бишкекте 16 батирлүү үйдөн өрт чыгып, 19 адам убактылуу жайга жайгаштырылды
Бишкекте үйдөн өрт чыгып, 19 адам убактылуу жайга жайгаштырылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 10-декабрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун Балбан-Таймаш конушунда жайгашкан эки кабаттуу үйдөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 13:18де Ленин райондук № 6 Өрт куткаруу бөлүгүнөн 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 16:40 толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жыгач устундуу калай менен жабылган жалпы аянты 250 чарчы метр эки кабаттуу үйдүн чатыры, экинчи кабаттын жыгач полу, терезе, үй-тиричилик буюмдары күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Адам өмүрүнө зыян алып келген эмес. 16 батир жайгашкан эки кабаттуу үйдөгү 19 киши Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан убактылуу №1 Гимназия-интернатка жайгаштырылып, тамак-аш менен камсыздалууда. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="263244,263245"]
edita