SerepTV Logo

Бишкекте 15 жаштагы өспүрүм каналга түшүп, агып кеткен. Жакындары кайрылуу жасашты

Бишкекте 15 жаштагы өспүрүм каналга түшүп, агып кеткен. Жакындары кайрылуу жасашты
Социалдык тармакта 15 жаштагы өспүрүмдүн жакындарынын кайрылуусу жарыяланды. Алардын айтымында, өспүрүм 23-августта Көк-Жар айлындагы каналга түшүп агып кеткен. "Ошол боюнча дайынсыз болуп жатат. Бул канал Чоң Чүй каналына кошулат экен. Эл агып бара жатканын көрүптүр", - деди тууганы. Ал эми өспүрүмдүн атасы кайрымдуу жарандардан издөө иштерине жардам сурады. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине окуя боюнча Октябрь РИИБи тастыкташты. "23-августта саат 16:50 чамасында Бишкек ШИИБдин 102 кызматына 15 жаштагы бала каналга түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Учурда издөө иштери жүрүп жатат", - дешти.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Блеклист / Blacklist Черный список KG?? (@black_list.kg)