SerepTV Logo

Бишкекте 14 жаштагы өспүрүмдү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте 14 жаштагы өспүрүмдү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды
Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. 20-декабрда саат 07:30 чамасында Ауэзов менен Казан-Булак көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан ары качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 2007-жылы туулган өспүрүм ооруканага жеткирилген. Бул факты боюнча Бишкек ШИИБ боюнча Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары Тoyota Prius үлгүсүндөгү унаанын 1992-жылы туулган айдоочусун аныктап, андан ары чара көрүү үчүн Тергөө кызматына жеткиришкен.