SerepTV Logo

Бишкекте 13 жаштагы кызды милиция кызматкерлери зордуктаганбы? Окуя боюнча милиция үн катты

Бишкекте 13 жаштагы кызды милиция кызматкерлери зордуктаганбы? Окуя боюнча милиция үн катты
Бишкекте 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. 18-февралда Бишкектеги Биринчи Май РИИБге арыз менен кыздын апасы кайрылган. Ал өз арызында анын 2008-жылы туулган кызын Кулиев көчөсүндөгү үйдө 16-февралда саат 21:00 чамасында зордуктаган жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 2003-жылы туулган жаран кармалды. Учурда тергөө жүрүп жатат. Буга чейин Фейсбук колдонуучусу Адыл Акжол уулу кызды 3 милиция кызматкери зордуктаганын жазып чыккан. Соцтармакта жарыяланган маалымат боюнча Биринчи май райондук милициясынан Бишкек ШИИББинде тийиштүү текшерүү дайындалганын жана анын жыйынтыгы кошумча маалымдана турганын билдиришти.