SerepTV Logo

Бишкекте 14 жаштагы бала болгарка менен өзүн-өзү өлтүрүп алды

Бишкекте 14 жаштагы бала болгарка менен өзүн-өзү өлтүрүп алды
Бишкектеги Ак-Ордо-3 конушунда өспүрүм бала көз жумду. Ал өзүнө-өзү жаракат келтирген. Бүгүн, 9-апрелде Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча, 6-апрелде саат 13:45 чамасында турак үйдөн баланын денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери барып, окуянын чоо-жайы такталды. 2007-жылы туулган бала электр тогу менен иштөөчү «болгарка» менен моюн тарабына жаракат келтирген. Оор жаракаттан көп узабай көз жумган. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 136-беренеси (өз өмүрүн кыюуга жеткирүү) менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.
edita