SerepTV Logo

Бишкекте 13 жаштагы кыздын кордолушу. Милиция кызматкерлери күнү-түнү кыздын үй-бүлөсүн кайтарат

Бишкекте 13 жаштагы кыздын кордолушу. Милиция кызматкерлери күнү-түнү кыздын үй-бүлөсүн кайтарат
Ички иштер министрлигинин кызматкерлери 13 жаштагы кыздын үй-бүлөсүн күнү-түнү кайтарууга тийиш. Мындай чечимди Свердлов райондук сотунун судьясы чыгарды. Буга чейин жабырлануучунун адвокаттары кызды жана анын үй-бүлөсүн коргоо өтүнүчү менен кайрылышкан. Судья жактоочунун өтүнүчүн канааттандырды. «Соттун токтомуна ылайык, алар 24 саат бою кайтарууга алынышы керек», - деди жактоочу.