SerepTV Logo

Бишкекте 13 жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте 13 жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды
Бишкекте 13 жаштагы кызды сүзүп, изин жашырган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. 26-февралда Бишкек шаарынын Тоголок Молдо жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу Хендай Портер унаасын башкарып бара жатып, жөө өтмөктөн 13 жаштагы кызды сүзүп, изин жашырып кеткен.  Шектүү катары 1992-жылы туулган айдоочу кармалып, унаа айып короого киргизилди. Учурда бардык тийиштүү жумуштар жүрүп жатат.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от УПСМ г.Бишкек (@upsm_kg)

edita