SerepTV Logo

Бишкекте 13 жаштагы өспүрүм изделүүдө

Бишкекте 13 жаштагы өспүрүм изделүүдө
Бишкекте 13 жаштагы Улан Болотов изделүүдө. Свердлов РИИБиден маалымдашты. "8-июль күнү шаар тургуну 2009-жылы туулган уулу Улан Болотов дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган. Арыздануучунун айтымында, баласы 8-июль күнү Бишкек шаарындагы Андижан көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Белгилери: бою болжолдуу 155-160 сантиметр, чачы кыска. Кийими: Кызыл түстүү футболка, көк түстөгү чолок шым. Байланыш номерлери: 0557 119410, 0701 282809, 0702 498888 же 102ге чалыңыздар", - деп жазылат маалыматта.