SerepTV Logo

Бишкекте 12 жашар кызды унаа сүзүп кеткен

Бишкекте 12 жашар кызды унаа сүзүп кеткен
Бишкекте 16-февралда саат 12:00 чамасында айдоочу көчөдө 12 жаштагы өспүрүм кызды унаа сүзүп кеткен. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, 17 жаштагы айдоочу кызды Салиева-Кантемиров көчөлөрүнүн кесилишинде “Нива” унаасы менен коюп кеткен. Өспүрүм кыз бир нече жаракат алып, ооруканага түшкөн. Аталган факты реестрге катталып, бардык экспертизалар дайындалган. Унаа айып аянтчасына киргизилген.