SerepTV Logo

Бишкекте 105-маршруттук такси жүргүнчүлөрү менен оодарылып, 4 жүргүнчү жаракат алды

Бишкекте 105-маршруттук такси жүргүнчүлөрү менен оодарылып, 4 жүргүнчү жаракат алды
Бүгүн, 28-июль күнү Бишкекте 105-маршруттук такси жүргүнчүлөрү менен оодарылып кетти. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан маалымдашты. Бүгүн болжол менен саат 7:40 чамасында 105-маршруттук унаа Сухе-Батор көчөсү менен бара жатып, Юнусалиев көчөсүнөн Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү автоунаасы менен сүзүшкөн. Жол кырсыгынын натыйжасында 105-маршруттук унаадан 4 жүргүнчү жаракат алган. Азыркы учурда жол кырсыгы катталган жерде кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.