SerepTV Logo

Бишкекте 10 миң доллар пара алууга шектелип тергөөчү кармалды

Бишкекте 10 миң доллар пара алууга шектелип тергөөчү кармалды
Биринчи май РИИБнин тергөөчүсү 10 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. "8-февралда ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында 10 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алууга шектүү катары Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын капитаны Т.Н. кармалды", - деп билдирет УКМК. Кармалган милиция кызматкери УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда кылмыш ишинин алкагында башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.