SerepTV Logo

"Бишкекке иштеп келем деп кеткенине 9 жыл болду". Мады айылынын тургуну изделүүдө

"Бишкекке иштеп келем деп кеткенине 9 жыл болду". Мады айылынын тургуну изделүүдө
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айылынын тургуну 9 жылдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу кызы Динара Кулаева СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди. "Атам Калил Кулаев Мады айылында 1955-жылы 20-январда туулган. 2013-жылы 28-январда "Бишкектен жумуш чыгып жатат, барып иштеп келейин" деп кеткен. Колундагы телефонун мага берип, бир кийим менен спорттук сумкасын көтөрүп чыккан. Бишкекке жеткенде чалыңыз деп 4 номерди жазып берген элем. Түшкө маал болчу, атамды улуу агам Фуркат айылына чейин алып барганда "сен кете бер" деп өзү түшүп калган. Ошол боюнча байланышка чыккан жок. Телефону болсо эки сааттан кийин иштебей калган. Ал учурда бир агам ооруп реанимацияга түшүп, үй-бүлөбүз агам менен бир айдай алышып калдык. 1 айдан кийин номерди калыбына келтирейин десек, башка кишиге катталып калыптыр. Милицияга арыз жазганбыз. Агаларым Казакстанга чейин издеп барышты. Бишкектен да издебеген жерибиз калган жок. Агам атамды күтүп жүрүп 3 жыл мурда каза болду. Үзүлбөгөн үмүт экен, атабызды көргөн-билгендер болсо кабарлашып коюусун өтүнөм", - дейт кызы. Байланыш телефондору: 0777 72 06 59, +7901 5002356.