SerepTV Logo

Бишкек-Токмок жолундагы автокырсыктан эки адам жаракат алды

Бишкек-Токмок жолундагы автокырсыктан эки адам жаракат алды
Бишкек-Токмок жолунда эки унаа сүзүшүп, эки адам жаракат алды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 27-январь күнү саат 13:00 чамасында Бишкек-Токмок-Балыкчы унаа жолунда болгон. Анда Mercedes-Benz Sprinter унаасы Audi менен сүзүшкөн. Натыйжада 2 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Унаалар айып короого киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

edita