SerepTV Logo

Бишкек-Токмок жолунда 3 унаа сүзүшүп, 2 адам каза болду

Бишкек-Токмок жолунда 3 унаа сүзүшүп, 2 адам каза болду
Кечээ, 15-октябрда Бишкек-Токмок жолунда Тойота, Хонда, Хендай үлгүсүндөгү 3 унаа сүзүшкөн. Журналисттерге Токмок шаардык ооруканасынан билдиришкендей, кырсыктан 2 адам каза болуп, 7 адам жаракат алган. Жаракат алгандардын бирөөсү жандандыруу бөлүмүндө, төртөө сыныктар бөлүмүнө жаткырылган. Калганы амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.