Бишкек ШИИББ Айзаданын өлүмү тууралуу: "Соттон санкция алыш үчүн көп убактыбыз кетти"
5-апрель күнү саат 16:00 чамасында милиция кызматкерлери Айзада Канатбекованы уурдап кеткен Замирбек Теңизбаев менен байланыша алышкан. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи өткөрүп жаткан маалымат жыйын учурунда белгилүү болду.
«Биз Замирбек менен байланышып, «милициядан болобуз, кыздын ата-энеси үйлөнүүңөргө макул болушту, келгиле» деп айттык. Ал «Мен бул кыз менен 4 айдан бери сүйлөшөм. Үйлөнөлү деп атабыз, кийлигишпегиле» деп койду. Төрт сааттан кийин кыздын телефону иштеп баштады. Айзада апасына чалып, "Сар-санаа болбогула. Замир менен сүйлөшүп алып, үйгө барам" деп тынчтандырып койгон экен. Бирок келген эмес. Ошондо кайра издөө иштерин уланттык», - дешти шаардык милициядан.
Алардын айтымында, Бишкекте кыз ала качуу болгону тууралуу маалымат күбөлөр тарабынан милицияга 5-апрель күнү саат 7:30 чамасында түшкөн.
"Бирок анда бизде кимди ала качканы тууралуу маалымат жок эле. Түштөн өтүп, Айзада Канатбекованын апасы кызы уурдалганын айтып, чалды. Биз ошондо гана эртең мененки кыз ошол экенин билдик. Кыздын телефонуна түшкөн чалууларды текшерүүгө соттон санкция алыш үчүн көп убактыбыз кетип калды. Кылмышка катышкандар көтөрүп жүргөн номерлер да башка адамдарга катталган экен. Бул да биздин жумушту оорлотту», - дейт Бишкек ШИИББ.