SerepTV Logo

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Таалай Темиркулов үй камагына чыгарылды

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Таалай Темиркулов үй камагына чыгарылды

Алга Кылычовго ок атты делип кармалган шаардык кеңештин депутаты Таалай Темиркулов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечим Ленин райондук сотунан чыгарылган. "Жабырлануучу шектүүгө карата тосмо арыз жаган",- деп айтылат маалыматта. Буга чейин Бишкек шаардык кеңештин депутат Таалайбек Темиркулов Алга Кылычовдун бутуна ок аткан деп шектелип жаткан. Кийин Ленин РИИБдин басма сөз кызматы анын кармалганын билдирген.